Садыр Жапаровдын лыжа тепкени Түркияда LED экрандарда көрсөтүлүүдө

 Садыр Жапаровдын лыжа тепкени Түркияда LED экрандарда көрсөтүлүүдө

Садыр Жапаровдын лыжа тепкени Түркияда LED экрандарда көрсөтүлүүдө

Түркияда президент Садыр Жапаровдун лыжа тээп жаткан видеосу көрсөтүлүүдө.   Бул учурдун видеосун Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Twitter баракчасына жарыялады.

Анын  айтымында, Анкаранын райондорунун биринде жарнамалык LED экранда Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу промо-ролик көрсөтүлүп жатат. Кадрларда мамлекет башчынын жакында эле Караколдогу лыжа базасында эс алганын көрүүгө болот.

Эске салсак, 2022-жылдын 1-январында президент Садыр Жапаров жаңы жылдык дем алыш күндөрүн лыжа базасында өткөргөн. Видеону социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүшкөн.

Жанылыктар