Садыр Жапаров:Бүгүнкү диалог натыйжалуу болот деп ишенем

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитине катышып жаткандардын алдында сүйлөдү.
Президент алгач кесиптештери менен учурашып, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун консультативдик жолугушууга биринчи жолу катышып жатканын өзүнчө белгилеген. Ал атасынын миссиясын улантып, Борбор Азиядагы интеграция жана кызматташтык маселелерине салым кошоруна ишенимин билдирди.
Мамлекет башчы Борбор Азия президенттеринин төртүнчү консультативдик жолугушуусун ачык деп жарыялап, бүгүнкү диалог ийгиликтүү жана натыйжалуу болуп, бардык актуалдуу маселелерди талкуулоого жана аларды чечүүнүн жалпы жолдорун табууга мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирген.