Садыр Жапаров Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды

 Садыр Жапаров Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров жаңы дайындалган Кыргызстандын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы бир катар конкреттүү милдеттерди коюп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жакшы саясий диалог түзүлгөнүн жана кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Индия — экономикасы өнүккөн өлкө жана түрдүү продукцияларды сатуу рыногу чоң, андыктан эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент Кыргызстанда потенциалдуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн эске алуу менен элчиге аларды өлкөгө тартуу боюнча дайыма активдүү иш алып барууну тапшырды.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов мамлекет башчысына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле индиялык тарап менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бул кызматтагы пландары тууралуу маалымат берди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар