Садыр Жапаров Владимир Путинди мааракесин телефон аркылуу куттуктады

 Садыр Жапаров Владимир Путинди мааракесин телефон аркылуу куттуктады

Президент Жапаров Владимир Путинди мааракеси менен телефон аркылуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилесек, Садыр Жапаров иш графигине байланыштуу Путиндин мааракесине бара албай турганын маалымат катчысы кабарлаган.

Президенттин куттуктоосун жеткирүү үчүн Россияга кыргыз тараптан Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов барды.

Жанылыктар