Садыр Жапаров Санкт-Петербургга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербургга (Орусия) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Делегациянын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.
Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.