Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен телефондо сүйлөштү

Бүгүн, 3-майда түрк тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.
Биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттары жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечеги талкууланды.
Реджеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Орозо Айт майрамы менен куттуктап, боордош кыргыз элине каалоо-тилектерин айтты. Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап Түркия Президентинин сапарын күтүп жатканын жана Мамлекеттер аралык жогорку кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатканын дагы бир жолу белгиледи.