Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана Президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешмеде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды.
Мамлекет башчысы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө жана Мамлекет башчысынын Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.