Садыр Жапаров Кыргызстан-Сингапур командаларынын футбол беттешин көрдү

Президент Садыр Жапаров 8-июнда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн улуттук курама команда менен Сингапурдун курамасынын футболдук беттешине барды.
Беттеш Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында өттү.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.