Садыр Жапаров: «Кумтөр» алтын кени боюнча Centerra Gold менен келишимге кол коюлат

 Садыр Жапаров: «Кумтөр» алтын кени боюнча Centerra Gold менен келишимге кол коюлат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында саат 18:30да «Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр видеоконференция форматында өтүп, бүгүн эки тараптуу кол коюу боло тургандыгын билдирди.

“Тынч, эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз. Биздин пайдабызга чечилип жатат. Кумтөр жана андан башка 30дан ашуун алтын кен чыккан бош жаткан жерлерибиз бар. Бардыгын мамлекеттин менчиги катары өзүбүз иштетебиз деп, “Көчмөндөр мурасы” атуу холдинг түзгөнбүз, ошол кендердин бардыгын өзүбүз ачабыз. Кумтөр сыяктуу алтын кендерди өзүбүз иштеткен үчүн, ишенген үчүн айлык акыларды көтөрүп жатабыз”, – деди Жапаров.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президенттин кайрылуусу КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Эфир 18:30да башталат.

Жанылыктар