Садыр Жапаров кийинки жылы Италияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын биринчи жарымында Италияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 8-декабрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашкан. Алар Ташкент шаарында министрлердин деңгээлинде «Борбор Азия + Италия» жолугушуусу өтүп жаткан иш-чаранын алкагында жолугушкан.
Тараптар президент Жапаровдун Италияга сапары жана министр Луижи Ди Майонун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну сүйлөштү. Казакбаевдин буга чейинки Италиядагы сапарынын жыйынтыгында айтылган кыргыз-италия инвестициялык фонд түзүү жана Италиянын Бишкекте элчилигинин ачылганына көңүл бурушту. Эки министр Ооганстанга гуманитардык жардам берүү маселесин талкуулашты.
Эске салсак, бир ай мурун Италияда Кыргызстандын элчилиги расмий ачылган.