Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

 Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров эртең, 27-октябрда, Казакстанга иш сапары менен барат.  Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Мамлекет башчысы Астана шаарында Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышат.

Маалыматка караганда, Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык айдыңдын күн тартибинде турган актуалдуу темалар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошол эле күнү кечинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышары күтүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар