Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү    

 Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү    

Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Казакстан Республикасынын лидери кесиптешине өлкөдө болуп өткөн кайгылуу окуялар учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин чыгарылып кеткени тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Жанылыктар