Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына барды

 Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына барды

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, президенттин учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторунда Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышат.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Жанылыктар