Садыр Жапаров Ильхам Алиевге өзгөчө белек берди

 Садыр Жапаров Ильхам Алиевге өзгөчө белек берди
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге анын атасы Гейдар Алиевдин Кыргызстанга жасаган иш сапары учурундагы сүрөттөрү камтылган альбомду белек кылды.
 Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын биринчи күнү президент Жапаровдун атынан уюштурулган расмий кече менен аяктаган. Анда меймандарга кыргыз жана азербайжан эстрадасынын репертуарындагы чыгармалар аткарылып, концерттик программа тартууланган. Ошондой эле эки элдин улуттук бийлери бийленди.
Гейдар Алиев Азербайжанды 1993-жылдан 2003-жылга чейин башкарган. 2003-жылы ден соолугуна жана уулунун президенттик шайлоодо талапкер болуп жаткандыгына байланыштуу өзүнүн талапкерлигин алып, ошол эле жылы көз жумган.

Жанылыктар