Садыр Жапаров Грециянын президентине жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

 Садыр Жапаров Грециянын президентине жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Грециянын президенти Катерина Сакелларопулуга темир жол кырсыгынан улам көп сандаган адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“2023-жылдын 1-мартында Грецияда болгон поезддердин кагылышуусунун кесепетинен адамдар каза болду жана көптөгөн зыян келтирилди, деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми жабыр тарткандардын эртерээк сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Шейшемби күнү кечинде жүргүнчү поезд менен жүк ташуучу поезд бетме-бет кагылышып, бир нече вагон рельстен чыгып кеткен. Кеминде 32 киши каза болуп, 85 киши жаракат алды.

Афиныдан Салоникиге бараткан жүргүнчү поездде 350 киши бар болчу. Жергиликтүү бийлик поездде карнавалдан кайтып келаткан студенттер көп болгонун билдирди.

Жанылыктар