Садыр Жапаров футбол талаасында Кыргызстандын намысын коргойт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ардагерлеринин курама командасына кошулуп, КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, 18:00дө башталат. Футбол ардагерлеринин оюну акысыз болору жана саат 20:00дө башталары айтылды.
КМШ өлкөлөрүнөн келген футбол ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.
Ал эми Кыргызстандын футбол курамасында Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников бар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.