Садыр Жапаров: Эл «капсула эле саласыңар, качан лента кесесиңер?» деп сындап жатат

 Садыр Жапаров: Эл «капсула эле саласыңар, качан лента кесесиңер?» деп сындап жатат

Так датасын айтып коюңузчу, Бала-Саруу ГЭСин качан куруп бүтөсүз? Өлкө башчы энергетика министри Доскул Бекмурзаев жасаган иштери тууралуу отчёт бергенден кийин суроо узатты.

Эл «капсула эле саласыңар, качан лента кесесиңер?» деп сындап жатат.

Ошон үчүн так датасын айтып коюңузчу, Бала-Саруу ГЭСин качан куруп бүтөсүз?» — деди Жапаров.

«22-декабрга энергетиктер күнүнө карата биринчи агрегатын ишке киргизебиз. Эмдиги жылы 1-апрелге чейин калган эки агрегатын бүтүрүп, Бала-Саруу ГЭСин толугу менен ишке киргизебиз», — деди. министр.

Таластагы Киров суу сактагычына курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСине президент былтыр 29-августта капсула салган. Анын кубаттуулугу 25 мегаватты, жалпы электр энергиясын өндүрүү кубаты 92 миллион кВт/саатты түзөт.

Белгилей кетсек, учурда министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда бийлик 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу отчёт берип жатат

Жанылыктар