Садыр Жапаров: чек арада болуп жаткан окуялар менин көзөмөлүмдө

 Садыр Жапаров: чек арада болуп жаткан окуялар менин көзөмөлүмдө

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы орун алган окуяга байланыштуу билдирүү таратып, кырдаал толугу менен көзөмөлдө экенин билдирди. 

“Урматтуу Кыргызстандыктар! Чек арада болуп жаткан окуялар толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула”,- деп билдирди Жапаров.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30га карата жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19.35 чамасында кырдаал курчуп тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарып баштаган.

Жанылыктар