Телерадиокомпания

Садыр Жапаров: Бүгүн биз ЕБ менен БА кызматташтыгынын кеңейишинин жаңы этабы башталганын тастыктай алабыз.

 Садыр Жапаров: Бүгүн биз ЕБ менен БА кызматташтыгынын кеңейишинин жаңы этабы башталганын тастыктай алабыз.

Бүгүн, 5-ноябрда президент Садыр Жапаров «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» биринчи эл аралык экономикалык форумуна катышууда.
Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу өкмөт башчылары,
Урматтуу Европа Комиссиясынын вице-президенти!
Урматтуу коноктор жана өнөктөштөр!
“Европа Биримдиги – Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумунда Сиздерди Кыргызстанда тосуп алуу сыймыгына жана урматына ээ болдум.
Бүгүн, урматтуу коноктор, сиздердин катышууңуздар менен тарыхый окуя өтүп жатат, анын маанисин баалоого болбойт – биз аймактардын ортосундагы экономикалык кызматташуунун жаңы платформасын ишке киргизип жатабыз.
Бул демилгени колдогону үчүн, ошондой эле бүгүнкү жолугушууну уюштуруу боюнча көрүлгөн чаралар үчүн бардык өнөктөштөрүбүзгө чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
2019-жылы Бишкек шаарында сунушталган Борбордук Азия боюнча Европа Биримдигинин Стратегиясы экономикалык кызматташуунун жаңы платформасын түзүү демилгесин көтөрүүгө мүмкүндүк берди.
Бул бетме-бет иш-чара бүгүн Бишкекте өтүп жатканына кубанычтабыз жана анын негизги максаты аймактарыбыздын ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүү болуп саналат.
COVID-19 пандемиясы бизде биргелешип, жалгыздан да көптү жасайбыз деген ойду бекемдеди.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан олуттуу кайра жаралуулар бизге кызматташуу жана гармониялуу өнөктөштүк, өз ара бакубаттык аркылуу дагы конструктивдүү мамилелерди курууга мүмкүнчүлүк ачып жатат жана биз мындай өнөктөштүк мамилелерди куруу үчүн жаңы форумубуздун потенциалын колдонууну сунуштайбыз.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Бул максатка жетуу учун бизде бардык зарыл шарттар бар.
Биз көбүрөөк инновациялык, туруктуу жана инклюзивдик улуттук экономикаларды куруу маселесин бөлүшөбүз.
Биздин өнүгүү стратегияларыбыздагы айырмачылыктарды моюнга алуу менен, ошол эле учурда биз аларды кызматташтыктын күчтүү жактарына айлантабыз.
Биз эркиндиктин, адилеттиктин жана теңдиктин жалпы баалуулуктарын бөлүшөбүз.
Борбордук Азия чөлкөмү соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын келечегинин көз карашынан жылдан жылга жагымдуу болуп баратканын белгилей кетейин.
Сандар боюнча айтсак, Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 1993-жылы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы 45 миллиард АКШ долларын түзсө, 2019-жылы 8 эсеге өсүп, 347 миллиард долларга жеткен; бул сумма 2030-жылга карата дээрлик эки эсеге көбөйүп, болжол менен 610 миллиард долларга чейин жетет деп күтүлүүдө.
Муну менен, баалуулук да, таза экономикалык аспектилер да Евробиримдиктин өлкөлөрү менен келечектүү кызматташтыкты куруу үчүн өбөлгөлөрдүн бар экендигин тастыктайт.
Урматтуу бүгүнкү жолугушуунун катышуучулары!
Биз бекиткен Форумдун тематикалык сессиялары Кыргызстандын учурдагы экономикалык күн тартибине толугу менен дал келет.
Биринчиден, биздин климаттык ишибиздин кеңири контекстиндеги приоритетибиз жашыл экономиканы куруу болуп саналат.
Жакында 1-2-ноябрда Глазго шаарында БУУнун Климат конференциясынын алкагында өткөн Дүйнөлүк лидерлердин саммитинде мен Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44 пайызга кыскартууну максат кылып жатканын билдирдим.
Азыркы учурда биздин өлкөнүн дүйнөлүк эмиссиялардын түзүмүндөгү үлүшү анча деле чоң эмес, ал бир пайыздын үч жүздөн бир бөлүгүн гана түзөт (0,03%), ал эми эмиссияларыбыздын мүнөзү өнөр жайлык эмес жана калктын тикелей жашоосу менен байланышкан.
2050-жылга чейин Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика бул көмүртексиз саясаттын кыймылдаткыч күчү болот.
Биз өнөр жай секторун жана турак жай-коммуналдык чарба тармагын көмүртектүү энергия булактарынын ордуна, биринчи кезекте, көмүр менен мазуттун ордуна толугу менен электр энергиясына өткөрүү максатында чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлорун этап-этабы менен ишке ашырууну көздөп жатабыз.
Экинчиден, санариптештирүү маселесинде системалуу түрдө алдыга жылып жатабыз. Башка нерселер менен катар, COVID-19 пандемиясы биздин өлкөдө маалыматтык технологияларды киргизүүнү тездетти.
Башка нерселер менен катар, COVID-19 пандемиясы биздин өлкөдө маалыматтык технологияларды киргизүүнү тездетти. Бул өз кезегинде бардык деңгээлдеги коррупцияга каршы күрөшүү боюнча биз көргөн болуп көрбөгөндөй чараларды көрүүгө көмөктөшөт, бул экономикалык реформалар менен бирге Кыргызстанда дени сак бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Үчүнчүдөн, бизнес тармагы өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынын локомотиви экени белгилүү. Кыргызстандын ИДПсында чакан жана орто бизнестин үлүшү 40 пайызга жакын, бирок ошол эле учурда бизде өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бар, анткени өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 50 пайыздан ашат.
Быйылкы жылы инвесторлордун ишенимин арттырууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган бир катар токтомдор чыгарылганын белгилеп кетким келет, алар менен катар экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу каралган.
Мындай мамиле өлкөбүздүн либералдык мыйзамдары бар демократиялык мамлекет катары мындан ары да өнүгүп баратканын күбөлөндүрөт.
Урматтуу кесиптештер!
Мен бүгүн биз Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө жаңы этаптын башталышын айта алабыз деп эсептейм, бул бизге негиздүү оптимизмди берет.
Бул конвергенция 2019-жылы Бишкекте бекитилген Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясынын максаттарына жана милдеттерине жооп берерин өзгөчө канааттануу менен белгилейм.
Дал ушул өлкөбүздүн борборунда биз алдыдагы жылдарга экономикалык кызматташтыктын пайдубалын түптөп жатканыбыз терең символикалуу, бул бүгүнкү иш-чарага конструктивдүү түрткү берет.
Форумубуздун мындан ары өнүгүп, чыңдалышын, иш-чаранын катышуучуларына жемиштүү иштерин каалайм.
Сиздердин жеке жана онлайн катышууңуздар үчүн ыраазычылык.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат”.

Жанылыктар