Садыр Жапаров Атамбаевдин абактан бошотулушу боюнча пикирин билдирди

 Садыр Жапаров Атамбаевдин абактан бошотулушу боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча суроолорго жооп берди.

Мамлекет башчы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу боюнча пикирин билдирип, соттун чечимине жана мыйзамга баш ийиүүгө чакырды.

“Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз”,- деди Жапаров.

Ошондой эле Садыр Жапаров душманын дагы түрмөдө жатышын каалабай турганын билдирген.

“Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын” деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: «Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын»,- деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат”, – деди Жапаров.

Кечээ, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Атамбаевге карата чыккан мурдагы чечимдер жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилген.

Жанылыктар