Садыр Жапаров 16-майда Москвага барат

Президент Садыр Жапаров Москвада ЖККУнун саммитине катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
“Президент Жапаров саммитке төрагалык кылуучу тарап Армениянын чакыруусу менен 16-майда Москва шаарына барат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу бир катар документтер кабыл алынмакчы.