Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Алар эмне жөнүндө сүйлөштү  

 Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Алар эмне жөнүндө сүйлөштү  

Бүгүн Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы директору Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров менен жолугушту.

«Мен президентке баарын түшүндүрүүгө аракет кылдым. Менимче, ал баарын түшүндү. Эми биз жана биздин команда адилеттүү чечимди күтүп жатабыз. Мен жолугушуунун чоо-жайы боюнча комментарий бербейм. Анткени акыркы чечимди мамлекет башчысы кабыл алат. Ошондуктан анын чечимин күтөбүз», — деди Сабырбек Жумабеков.

Эске салсак, министр  Алымкадыр Бейшеналиев 4-февралдагы буйругу менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун   Тез жардам клиникалык ооруканасына айландырган. Ага ылайык,  директор Сабырбек Жумабеков ээлеген кызматынан бошотулган. Ооруканага башкы дарыгер болуп Дамир Дүйшөнов дайындалган.  Бирок Сабырбек Жумабеков министрдин буйругун кабыл алуудан баш тартып, борбордун директорлук кызматын калтырган. Президенттин тапшырмасы менен кырдаал боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Жанылыктар