Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов үй камагына чыкты

 Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов үй камагына чыкты

Баткен облуcтук соту бүгүн, 13-апрелде Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалилов менен Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди үй камагына чыгарды. 

Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов билдиргендей, прокуратуранын өтүңүчү канаатандыруусуз калтырылып, аталган эки жаран үй камагына чыгарылган.

24-мартта Лейлек райондук прокуратурасы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловди камакка алган. Эгембердиев жана Жалилов мурда Жаңы-Жер айыл өкмөтүн башкарышкан.

1-апрелде Бешкент айыл аймагынын башчысы менен Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасынын соту Лейлектен Кадамжайга, Кадамжайдан Баткенге андан Лейлекке жылдырылып олтуруп абакта калтырылган болчу.

Жанылыктар