Сүрөт баян: Ош шаарында 8 миңден ашык бала мектеп босогосун аттады

Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарындагы бардык мектептерде билим күнү белгиленди.
8 миңден ашык бала алгачкы жолу мектеп босогосун аттап, 1-класска барды.
Бул күнү мектептерде алгачкы коңгуроо кагылып, “кыргыз жараны” деген теманын алкагында ачык сабактар өткөрүлдү.
Шаардагы мектеп окуучуларынын жалпы саны 85 миңге жакын.
Учурда шаар боюнча 4 мектептин курулушу жүрүп жатат, анын ичинен бирөө аяктоо алдында турат. Эки мектепке кошумча имарат курулууда.
Калаа боюнча жалпы 53 билим берүү мекемеси бар.