Сүрөт баян: Баткендин Боз-Адыр айылында эвакуацияланган 4 миңден ашык жаран бар

 Сүрөт баян: Баткендин Боз-Адыр айылында эвакуацияланган 4 миңден ашык жаран бар

Тажиктердин кол салуусунан улам чек арадагы айылдардан Боз-Адыр айылына 20 миңден ашык адам эвакуацияланган. Бул тууралуу Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Кымчыбек Дыйканов билдирди.

 

Эвакуацияланып келген жарандар 5 объектиге (2 мектеп, 2 бала бакча, 1 гимназиянын жатаканасы), кээ бирөөлөрү айыл жашоочуларынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Бүгүнкү күндө Боз-Адырда алардын 4 миңден ашыгы убактылуу күн кечирип жатышат. Калгандары туруктуу жашаган жерлерине кайтып кетишти. 

 

Эвакуацияланып келген адамдарга жергиликтүү тургундары менен бирге 2 бодо мал, 2 кой союп ысык-тамак уюштурулду. Ошондой эле, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген гуманитардык жардамдар таратылып жатат.  Мындан тышкары балдарга окуу программалары уюштурулууда.

 

 

Жанылыктар