Сүрөт баян: Баткенде талкаланган турак жайлардын саны 432ге жетти

 Сүрөт баян: Баткенде талкаланган турак жайлардын саны 432ге жетти

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда талкаланган турак үйлөрдүн саны 432ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Ошондой эле жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары тарабынан 285 короо-жайлар, мал сарайлар жана чарбалык объектилер, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттык сактоо уюму, 9 административдик имарат, 26 автоунаа жана башка турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу 171 объект талкаланганын аныкталды.

Мындан тышкары, жарылбай калган 78 снаряд табылып, алар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылды.

Сүрөттө: Баткендин Ак-Сай айылындагы талкаланган объекттер

Жанылыктар