Сүлүктүдө жоголгон эки өспүрүм Бишкектен табылды

Сүлүктү шаарында жоголгон 15 жаштагы эки өспүрүм беш күндөн кийин Бишкектен табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция 16-январдан бери дайынсыз болуп жаткан Азимбаев Жоламан менен Камалов Кылычбектин жүргөн жерлерин аныктап, Бишкек шаарынан 21-январь күнү Сүлүктүгө келген.
Учурда эки өспүрүм ата-энелерине өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Табылган балдардын абалы канааттандырарлык.