Сүйүнчү! Ошто дагы бир үч эм төрөлдү

Ош шаарында жыл башынан бери экинчи үч эм төрөлдү. 14-февраль күнү 28 жаштагы Жаңылай Мадамбекова 2 уул, 1 кызды жарык дүйнөгө алып келди.
Жаңылай айымдын ымыркайлары өз айларына жетип төрөлүшкөн. Алар: 2 кг 400 гр, 2 кг 500 жана 3 кг 500 гр салмакта.
Аталган жаш үй-бүлөнүн курамына 3 эм кошулуп, 5 балалуу болшту. Бүгүнкү күндө эне-балынын ден соолугу жакшы.
Өлкөбүздөгү элдин демографиялык өсүшү соңку жылдары жакшырып келе жатканы байкалган. Ош шаарында 2020-жылы 184 эгиз төрөлсө, анын ичинен үч үч эм жарык дүйнөгө келген. 2021-жылы 186 эгиз наристе төрөлсө, анын 2 учуру үч эм болгон.