Рысбай Исаков 124 саат Манас айтып, Гиннесстин рекорддор китебине катталды

 Рысбай Исаков 124 саат Манас айтып, Гиннесстин рекорддор китебине катталды

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бурса шаарында өткөн (Түркия Республикасы) “Манас жумалыгынын” жабылуу аземи өттү. Иш-чарага Кыргызстандан, Казакстандан жана Түркиядан белгилүү манасчылар катышты.

Бурса шаарындагы сейил бактардын биринде бир жумага созулган “Манас жумалыгынын” алкагында “Манасты” узак айтуу боюнча рекорд коюлду. Манасчы Рысбай Исаков 113 сааттан ашык манас айтты. Жумалыкты жабуу аземинде ага Гиннестин рекорддорунун китебинин сертификаты тапшырылды.

Белгилей кетсек, “Манас жумалыгынын” алкагында Бурса шаарынын тургундары жана коноктору кыргыз оозеки элдик адабиятында маанилүү орунду ээлеген, түрк дүйнөсүнүн уникалдуу адабий жана маданий шедеврлеринин бири деп эсептелген дүйнөгө белгилүү “Манас” эпосу менен таанышышты.

Жанылыктар