Ранталья марафону. 42 миң жөө күлүк Анталияны аралап өттү

Түркиянын Анталия шаарында, 5-мартта Ранталья эл аралык марафону өткөрүлдү. Жарышка дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген кесипкөй спортчулар жана жөө күлүк фанаттары катышты. Сезондун алгачкы мелдешине 47ден ашык өлкөнүн мыкты спортчулары келишти.
Марафондо Үзейир Сөйлемез 2 саат 23 мүнөт 35 секунда да мараага жетип келип, эркектер арасында биринчиликти алды. Аялдардан Наталья Гюртен 03.03.26 секунддук көрсөкүч менен алдыга чыкты.
Күлүктөрдү сынаган эл аралык марафон, быйыл бир эле учурда төрт этап менен (2К, 10К, 21К жана 42К) өткөрүлдү. Жарыштар Анталья шаарынын борборунан башталып, 42 миң жөө күлүк Антальянын көрүнүктүү жерлери, Калечи району, Хадриан дарбазасы, Дүден шаркыратмасы жана Лара сыяктуу белгилүү пляждарын аралап өттү.
Марафонго он миңдеген көрүүчү келди. Анталиянын жергиликтүү тургундары жана эл аралык коноктордун колдоосуна ээ болгон жарышка профессионал спортчулардан тышкары ышкыбоз жөө күлүктөр да катышты. Сергек жашоого үндөгөн бул иш-чара, чуркоого жаңыдан кошулуп келе жаткан аялдар тайпасына көбүрөөк көңүл бурат. Ошондой эле жаш курагына карап, иргеп отурбай (“baby run”, “high heels run” ve “1 step 1 life run”) көпчүлүктү спортко тартууну көздөп келет.
Ранталья марафону, Анталияда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.