Россиялык “Аэрофлот” Кыргызстанга каттамдарын жандантты

Бүгүн, 14-марттан тарта россиялык “Аэрофлот” авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдарын жандантты. Бул тууралуу КР Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Москва (Шереметьево) – Бишкек багыты боюнча каттам “Манас” аэропортуна бүгүн саат 16:10до учуп келет.
Аталган “Аэрофлот” компаниясы 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтоткон. Мындан улам билеттин баасы кымбаттап, Орусияда жүргөн кыргызстандыктан мекенине келе албай жатканын билдиришкен.