Россиядагы элчилик кыргызстандыктарды согуштук аракеттерге катышуудан оолак болууга чакырды

 Россиядагы элчилик кыргызстандыктарды согуштук аракеттерге катышуудан оолак болууга чакырды

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФнын аймагында убактылуу жашаган кыргыз жарандарын согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуудан оолак болууга чакырды.

“Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөгө чет өлкөлүк жарандардын Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзам кабыл алынды. Ошого байланыштуу Россияда убактылуу жашаган кыргыз жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз”, – деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

“Кыргыз жарандарына кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келип түшкөн учурда элчилик Кыргызстандын  Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылууну өтүнөт”, – деп кошумчалашты элчиликтен.

Жанылыктар