Россияда кыргыз жаранынын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду

 Россияда кыргыз жаранынын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду

Москвада Кыргызстандын жаранынын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Элчиликтин маалыматына ылайык, өлтүрүлгөн кыргыз жараны 1972-жылы туулган Б.У.У. Россияда такси кызматында иштеп жүргөн. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан бул кылмышка шектүү адам аныкталып, кармалды.

“Бул факты боюнча Москва шаарынын Кунцево райондор аралык Тергөө бөлүмү тарабынан РФ Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар