Россияда иштеген кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн элчиликтин өкүлчүлүктөрүнөн алмаштырса болот

 Россияда иштеген кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн элчиликтин өкүлчүлүктөрүнөн алмаштырса болот

Орусияда иштеп жүргөн мекендештер 17-январдан тарта айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн алмаштырса болот.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Орусиядагы кыргызстандыктарга күбөлүк берүү тартиби шейшемби жана бейшемби күндөрү алдын ала каттоого туруу аркылуу жүргүзүлөт.

Кабыл алууга жазылуу үчүн mks.prava.kg@mail.ru электрондук дарегине катталуу керек.

Эске салсак, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Орусияда жарактуу. Буга чейин кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн мекенине келиши керек болчу.

Жанылыктар