Россияда акыркы 10 жылда жарандык алган борбор азиялыктар аскердик кызмат өтөөгө милдеттендирилиши мүмкүн

 Россияда акыркы 10 жылда жарандык алган борбор азиялыктар аскердик кызмат өтөөгө милдеттендирилиши мүмкүн

Россияда жарыяланган аскердик мобилизациянын алкагында акыркы 10 жылдын ичинде орус жарандыгын алган борбор азиялыктар бир жыл аскердик кызмат өтөөгө милдеттендирилиши мүмкүн. Бул боюнча сунуш даярдалып жатканын Россия президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов билдирди.

Кабановдун айтымында, эгер Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан барып жарандык алгандар бир жыл аскердик кызмат өтөөдөн баш тартса, алардын өзүлөрүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн орус жарандыгынан ажыратуу пландалууда.

«Бул демилгени ишке ашыруу – жарандарын кылмыш жоопкерчилиги менен коркутуп, ыктыярчы катары атайын аскердик операцияга катышуусуна тыюу салып жаткан аталган өлкөлөрдүн бийликтерине адекваттуу жооп болот», – деди Кабанов.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрү өз жарандарын чет өлкөлөрдүн аймактарындагы согуштарга катышпоого жана аскердик түзүмдөргө кошулбоого чакырган. Ошондой эле мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин  эскертишкен.

Жанылыктар