Россия АКШга стратегиялык өзөктүк машыгуусу башталганын эскертти

 Россия АКШга стратегиялык өзөктүк машыгуусу башталганын эскертти

Россия АКШга “Гром” стратегиялык өзөктүк машыгуусун өткөрөрүн расмий түрдө эскертти. Бул тууралуу Пентагон менен Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү билдиришти.

“Машыгуу жөнүндө кабар берүү менен Россия куралданууну көзөмөлгө алуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарууда”, – деди Пентагондун мааылмат катчысы Патрик Райдер.

Буга чейинки машыгуу Россия Украинага кол салганга бир нече күн калганда аяктап, машыгуунун датасы алдын ала айтылган эмес.

Октярдын башында НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг “альянс сыноолорго тыкыр көз саларын жана орус тараптан өзөктүк коркунуч каптап турган маалда кыраакылыгын сактай турганын” билдирген.

Бул арада Бельгияда НАТОнун Steadfast Noon аталышындагы жыл сайын өтүүчү машыгуусу болуп жатат. Анын жүрүшүндө уюмга мүчө 14 өлкөнүн учкучтары эки апта бою стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды пайдалануу боюнча машыгат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар