Рейтингдик мелдеш: Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты

 Рейтингдик мелдеш: Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Болгариянын София шаарында өтүп турган Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинин чейрек финалына чыкты.

Ал бүгүн, 4-мартта килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык раунддан баштады. Биринчи кармашында ал болгариялык Н. Петров менен күрөшүп, аны бир мүнөткө жеткирбей 9:0 эсебинде жеңип алды. Эми Шаршенбеков чейрек финалда күрөшөт.

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар