Равшанбек Сабировдун ордуна жаңы жетекчи дайындалды

 Равшанбек Сабировдун ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Умбриэль Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 71-беренесине ылайык Темиралиев Умбриэль Темиралиевич президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Равшанбек Сабиров иштеп келген. Ал өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулганы кабарларган.

Жанылыктар