Расмий документ деп жарыяланды. Нью-Йоркто КР демилгелеген Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү

 Расмий документ деп жарыяланды. Нью-Йоркто КР демилгелеген Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын 19-сентябрында Нью-Йорк шаарында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме болуп өткөн.

“Бул иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргызстандын сунушу менен жарыяланган Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын эң маанилүү окуяларынын бири болуп калды”,-деп айтылат маалыматта. 

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобуна кирген мамлекеттер билдирүү кабыл алышты. Кыргызстандын өтүнүчү боюнча БУУнун Башкы ассамблеясы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар