Район, шаарларга таштандыларды чыгаруучу техникалар тапшырылды

 Район, шаарларга  таштандыларды чыгаруучу техникалар  тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров райондордун жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө тиричилик таштандыларын чыгаруучу атайын техникаларды тапшырды. А. Жапаров айлана-чөөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырып, өлкөнүн калктуу конуштарын таза кармоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бүгүн бир катар муниципалдык кызматтар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биринчилерден болуп 22 даана атайын техниканы алышат. Жакынкы жылдары мындай техникалар менен бардык аймактар камсыздалат», – деди ал.
Белгилей кетсек, техника Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин көмөгү менен сатылып алынган.

Жанылыктар