Путиндин жарлыгынан кийин Ташкент өзбек мигранттарын согушка катышпоого чакырды

 Путиндин жарлыгынан кийин Ташкент өзбек мигранттарын согушка катышпоого чакырды

Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция агенттиги Россияда иштеп жүргөн өзбек жарандарын кезектеги жолу орус-украин жаңжалына катышуу чакырыктарына кулак төшөбөөгө жана согуштук аракеттерге катышпоого үндөдү.

Агенттик Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлөрдүн аскердик кызматтарына, коопсуздук органдарына, полициясына, аскердик юстиция органдарына же ушуга окшогон башка мекемелерине жалданган жарандар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.

14-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путин чет элдиктердин орус Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөсүнө мүмкүндүк түзгөн жарлыкка кол койгон.

Буга чейин “Азаттыктын” өзбек кызматы Россияда жашаган өзбек мигранттарына Украинага каршы согушка катышуу үчүн ири суммадагы акча жана жарандык сунушталган учурлар жөнүндө кабарлаган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар