Путин Украинанын чыгышындагы жана түштүгүндөгү аймактарды аннексиялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

 Путин Украинанын чыгышындагы жана түштүгүндөгү аймактарды аннексиялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 5-октябрда Донецк, Запорожье, Луганск, Николаев жана Херсон облустарынын бир бөлүгүн Россиянын курамына кошуу боюнча федералдык мыйзамга кол койду.

Мындан тышкары төрт жаңы субъектини өлкөнүн курамына кошуу боюнча федералдык конституциялык мыйзамга да кол койду.

Буга чейин Федерация Кеңеши Украинанын беш облусунун аймагын Россиянын курамына кошуу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Украин аймагын аннексиялоону палатанын жыйынга катышкан бардык мүчөлөрү колдогон.

Быйыл 24-февралда Россия Украинага басып кирген. Соңку айларда украин күчтөрү Россия ээлеген бир катар аймактарын бошотту.

Ал эми 30-сентябрда орус бийлиги Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарын кошуп алганын жарыялаган.

Жанылыктар