Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталганын билдирди

 Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталганын билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 21-сентябрда орусиялыктарга кайрылып, өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын билдирди.

Путин шаршемби күнү кол койгон тиешелүү жарлыкка ылайык, армияга аскердик кызмат өтөгөн запастагы жарандар гана чакырылат. Аларга келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлердин макамы, төлөмдөр жана социалдык кепилдиктер берилет.

Мобилизациялык иш-чаралар бүгүн, 21-сентябрда башталды.

Коргоо министри Сергей Шойгу жарым-жартылай мобилизациянын алкагында армияга 300 миң киши чакырыларын билдирди.

Шойгунун айтымында, мобилизациянын жүрүшүндө студенттер армияга чакырылбайт – бул армияда кызмат өтөгөн жана аскердик адистиги барларга гана тиешелүү болот.

20-сентябрда Мамлекеттик думанын депутаттары Кылмыш кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырган. Өзгөртүүлөр менен кодекс “мобилизация”, “аскердик абал” жана “согуш маалы” деген түшүнүктөр менен толукталып, армиядан качуу үчүн жаза күчөтүлүп, өз каалоосу менен туткунга түшүп бергендер, коргоо тармагындагы мамлекеттик буйрутмаларды аткаруудан баш тарткандар жана мародерлук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизди.

Жанылыктар