Путин G20 саммитине барбайт

 Путин G20 саммитине барбайт

Россиянын президенти Владимир Путин 15-16-ноябрь күндөрү Индонезиянын Бали аралында өтө турган “Чоң жыйырма” (G20) саммитине катышпайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги Индонезия өкмөтүнүн өкүлүнө шилтеме кылып билдирди.

Маалыматты Россиянын Индонезиядагы элчилиги да ырастады. Ошол эле маалда эки тарап тең Путин саммиттин алкагындагы жолугушуулардын бирине онлайн режимде катышуусу мүмкүн деген божомолдорун айтышты.

Саммитке Россиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров барат. Бул тууралуу бүгүн ТАСС агенттигине орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Буга чейин Индонезиянын бийлиги башка өлкөлөр басым кылса да Россияга жөнөтүлгөн чакырууну чакыртып албай турганын билдирген.

3-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер саммитке Владимир Путин барса, иш-чарага катышуудан баш тарта турганын маалымдаган. Бирок Киев 8-ноябрда Зеленский саммитке онлайн катышуусу мүмкүн экенин ырастады.

Бали аралында өтө турган G20 саммитине АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин да катышат. Буга чейин Байден саммитте Украинадагы абалды жөнгө салуу темасын көтөрүүнү убадалаган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар