Путин Эрдоган менен Казакстанда жолугушат

 Путин Эрдоган менен Казакстанда жолугушат

Россиянын президенти Владимир Путин 13-октябрда Казакстанда өтө турган саммитте Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Украинадагы согуш жана орус-түрк эки тараптуу мамилелери жөнүндө сөз болот.

Буга чейин Түркия менен Россиянын лидерлери сентябрдын ортосунда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жолугушкан.

НАТОго мүчө Түркия Россия Украинага кол салган 24-февралдан бери өзүн Киев менен Москванын ортосунда ортомчу катары көрсөтүп келет. Анкара Москваны сындап, ошол эле маалда Батыш өлкөлөрүнүн экономикалык жана каржылык санкцияларына кошулган эмес.

Эрдоган согушту токтотуу үчүн Путин менен Зеленский сүйлөшүүлөрдү баштайт деген үмүтүн билдирген.

Өткөн жумада Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу март айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Киев менен Москва дипломатиядан алыстап кетишкенин айткан.

“Украин-орус согушу созулган сайын кырдаал начарлагандан начарлап баратат. Ок атышуу болушунча тез аранын ичинде токтотулушу керек. Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болот”, – деген Чавушоглу.

Жанылыктар