Президенттин администрациясы: иш-чарага «Жапаров катышат» деп акча талап кылгандар көбөйдү

 Президенттин администрациясы: иш-чарага «Жапаров катышат» деп акча талап кылгандар көбөйдү

Акыркы учурда шылуундар президенттин катышуусунда делген иш-чараларга чакырып, алдоо жолу менен акча талап кылып жатышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди. 

“Урматтуу кыргызстандыктар акыркы убакта ар кандай кызматтык адамдардын атын жамынып, шылуундар жарандарга телефон чалып, КР Президентинин катышуусунда делген иш-чараларга чакырып жатышат. Андан ары ишенимге кирип, алдоо жолу менен акча талап кылышат. Жарандарды сак болуп, шылуундардын мындай аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз”,- деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар