Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү талкууга түшкөн сүрөткө түшүндүрмө берди

 Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү талкууга түшкөн сүрөткө түшүндүрмө берди

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу социалдык тармакта талкууга түшкөн сүрөткө түшүндүрмө берди. 

Анын айтымында, сүрөт Араван районунун Алля Анаров Айыл Өкмөтү тарабынан уюштурулуучу кайрымдуулук иш чарасында тартылган. Бул нерсеге президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тиешеси жок.

“Ал иш чарада 300 жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына Велосипед дагы башка чоң белектер берилет. Туугандар. Биз иш чаранын аталышына эмес маанилүүгүнө көңүл бурбайлыбы? Сүрөттү эмес иш чаранын максатын талкуулабайлыбы? Эмнеси жаман? Азыркы күндө бул балдар белек эмес жөн гана жылуу сөзгө муктаж. Ошондуктан сүрөттөн же аталыштан кынтык издебей, сиздерди да кайрымдуулук иш чараларды уюштурууга жана колдоого чакырам”,- деди Муратбек уулу.

Жанылыктар