Президенттин Оштогу өкүлү Жогорку Кеңештин депутаттарына жооп берди

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин депутаттарынын айткан дооматтары толугу менен негизсиз экенин билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу буга чейин кадр маселеси боюнча ага кайрылган. Бирок ал маселе чечилген эмес. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттары бири-бирин колдоо максатында сын-пикир айтышкан.
“Абшыр-Атадагы токой чарбанын жерин өзүнүн агасына өткөрүп алыптыр деп жатат. Мен 2021-жылы кызматка келип эле ал жерди өткөрүп алсам укук коргоо органдары текшермек. Депутаттардын айткандарын укук коргоо органдары текшерип чыксын. Андай эмес. Андан сырткары Кулатов айыл өкмөтүндө 180 гектар жерди ээлеп алган деп жатат. Ал боюнча да текшерүүдөн кийин маалымат берилет. Райондогу кадр маселесине аралашып жатат дептир. Бул жерде мен түшүнбөдүм. Кичинекей айылдын эмнесине киришмек элем. Мектептин директорлору бир жылдан бери конкурстун негизинде дайындалып жатат. Мен бир мектептин директорун да дайындай албайм”,- деди Жамалдинов.