Президенттин Оштогу өкүлү ЖКнын депутатын каралап жатканы айтылды

 Президенттин Оштогу өкүлү ЖКнын депутатын каралап жатканы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов депутат Жалолидин Нурбаевди каралап жатат деп айтып чыкты.

Анын айтымында, Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары «Нурбаевдин кланын ачтык» деген темаларды коюп, интернеттен жалган маалыматтарды таратып жатат.

«Эл шайлап, депутат болуп келген эл өкүлүнүн моралдык укугун бузуп жатат. Бул иш боюнча, урматтуу төрага, прокуратура органдарына протоколдук тапшырма берсеңиз, мыйзам ченемдүү карап, жообун берсин. Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары бир инвестор алып келе албай жатып, Жалолидин Нурбаев инвесторлорду алып келип иштетип жатса, көрө албай жатат», – деди Түмөнбаев.

Ошондой эле депутат Өмүрбек Бакиров бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Жанылыктар