Президенттин Өзгөн эли менен жолугушуусу жабык эшик артында өтүүдө

 Президенттин Өзгөн эли менен жолугушуусу жабык эшик артында өтүүдө

Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, жолугушуу жабык эшик артында өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди.

“Сыртта батпай калган элди, экинчи этап менен киргизип маалымат берип, суроолорго жооп берилет”,-деп айтылат маалыматта.

Президент менен бирге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

“Эч кандай пикирлерге чектөө болгон жок, депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилди”, – деп жазган президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси.

Жанылыктар